Мээрим Жуманазарова жеңишке жетип, алтын байгенин ээси болду. Борбор калаада өтүп жаткан Азия чемпиондугунда кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмак категориясында Мээрим Жуманазарова финалда жапон балбаны Мива Морикава менен кездешти.
Эске сала кетсек, Жуманазарова жарым финалда кытайлык балбан менен кез келип, 1:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Азия чемпионатын УТРК Спорт телеканалы түз алып берүүдө.