Айпери Медет кызы күмүш медалдын ээси
Новость

Борбор калаада өтүп жаткан Азия чемпиондугунда кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын 3 жолку чемпиону Айпери Медет кызы моңголиялык балбан Даваансан Энкх Амар менен финалда беттешти. Балбандар 76 кг салмакта күч сынашты.

 Беттештин жыйынтыгында Айпери Медет кызы моңголиялык балбанга жеңилип, күмүш медалдын ээси болду.

 УТРК Спорт телеканалы Азия чемпионатын түз алып берүүдө