Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна барат
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 10-апрелде Ош облусуна иш сапары менен барат.

Мамлекет башчысы сапардын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши, инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушунун, жол тармагын өнүктүрүүнүн, ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышат.

Президент Садыр Жапаровдун аймактагы калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган социалдык маанилүү объектилерди ачуу жана курулуштарды баштоо аземдерине катышуусу пландаштырылган.