Көңүл жубатуучу беттешке чыккан дагы бир балбан кызыбыз Таңчолпон Кыбалбекова атаандашына утулуп калды.
Эске салсак, Бишкек шаарында 6-апрель күнү Күрөш боюнча Азия чемпиондугу башталган. Кыргызстандын курама командасындагы спортчуларыбыз татыктуу оюндарды көргөзүп, чемпиондук наамдарга ээ болушууда. Арасынан жеңилүү ызаасын тарткандар да бар.
Ал эми, кечээ Кыз-келиндер арасындагы күрөштө балбан кыздарыбыз Айпери Медет кызы күрөш медалга ээ болсо, Мээрим Жуманазарова алтын медаль утуп, Азия чемпиону наамын алды.
Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатын УТРК Спорт телеканалы түз эфирде чагылдырууда.