Абдымалик Карачов алгачкы атаандашын ишенимдүү жеңди
Новость

Абдумалик Карачов Бишкекте өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда финалга чыга алган жок.

Ал 57 кг салмак категориясында күч сынашууда.

Алгачкы беттеште кыргызстандык балбан тажикстандын өкүлүн жеңип алган, бирок финалга чыгуу үчүн болгон кармашта Монголиянын спортчусуна утулуп калды.

Эми 11-апрелде Карачов коло медаль үчүн күрөшөт. Коло медаль үчүн беттеш Сонгвон Ким кореялык балбан менен болмокчу.

Азия чемпионатынын түз берүүлөрүн УТРК Спорт телеканалынан көрө аласыздар.