Эрназар Акматалиев жарым финалда атаандашынан жеңилип калды
Новость

Эрназар Акматалиев индиялык Абхиману менен эркин күрөш боюнча борбор калаада өтүп жаткан Азия чемпиондугунда беттешти. Тилекке каршы, балбан атаандашынан 5:3 эсебинде жеңилип калды.

Эске сала кетсек, ал чейрек финалда жапониялык атаандашын 12:9 эсебинде жеңип алган.

Балбан 70 кг салмакта күч сынашууда.

Азия чемпионатынын түз берүүлөрүн УТРК Спорт телеканалынан көрө аласыздар.