Азиза Келдибекова жапониялык Мое Кийока менен коло байге үчүн беттеш өткөрдү. Жыйынтыгында кыргызстандык балбан атаандашына жеңилип калды.
Белгилей кетсек, Келдибекова бул турнирде 53 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргоп, чейрек жана жарым финалдык баскычтарда күч сынашкан. Азия чемпиондугу Бишкекте өтүп, анда Азиянын күчтүү балбандары катышууда.
Азия чемпионатын УТРК Спорт телеканалы түз алып берүүдө.