Гүлнура Таштанбекова Бишкекте өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда 65 кг салмак категориясында коло медаль үчүн өзбекстандык Феруза Есенбаева менен беттеш өткөрдү.
Жыйынтыгында кыргызстандык балбан атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңип, коло медалдын ээси болду. Таштанбекова беттешти жигердүү баштап, атаандашына мүмкүнчүлүк бербей, ишенимдүү жеңише жетише алды.
УТРК Спорт телеканалы Азия чемпионатын түз алып берүүдө.