Дагы бир коло медаль! Нурзат Нуртаева татыктуу беттеш өткөрдү
Новость

Нурзат Нуртаева Бишкекте өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда коло медаль үчүн монголиянын өкүлү Ердене Очир менен беттеш өткөрдү.

Беттештин жыйынтыгында кыргызстандык балбан атаандашын 2:0 эсебинде жеңип, коло медалдын ээси болду. Нуртаева беттеште өз күчүн жакшы көрсөтүп, жеңишке жетише алды.

УТРК Спорт телеканалы Азия чемпионатын түз алып берүүдө.