Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундарынын суроолоруна жооп берди
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, жарандар социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык актуалдуу маселелер боюнча Мамлекет башчысына түздөн-түз кайрылууга мүмкүнчүлүк алышты.

Үч сааттай убакыттын ичинде Президент Садыр Жапаров көтөрүлгөн маселелер боюнча зарыл түшүндүрмөлөрдү берип, аларды чечүүнүн жолдорун айтты. Ошондой эле ал эл менен түз диалог жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундардын жеке маселелеринен тартып коом үчүн маанилүү болгон ар түрдүү кайрылуулары айтылды. Негизинен алар жер тилкелерине болгон укуктарга, анын ичинде үлүш жерлер боюнча талаштарга, ошондой эле шаарды көрктөндүрүү иштеринин алкагында турак үйлөрдү бузууга байланышкан жагдайлар боюнча болду. Жарандар муниципалдык органдардын аракеттерине укуктук баа берүүнү, кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун камсыз кылууну жана компенсация төлөө маселесин кароону өтүнүштү.

Ошондой эле социалдык жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү. Анын ичинде калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, мектептерди жана бала бакчаларды куруу, спорттук объекттерди түзүү, газдаштыруу жана канализация системасын өнүктүрүү тууралуу сөз болду. Тургундар унаа тыгындарына, курулуш иштеринин сапатына жана турак жайдын жеткиликтүүлүгүнө, анын ичинде ипотекалык программаларга байланышкан көйгөйлөргө да көңүл бурушту.

Кайрылууларга жооп берип жатып, Президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга көтөрүлгөн бардык маселелерди мыйзамдын негизинде кароону, жарандардын укуктарын коргоону, зарыл текшерүүлөрдү жүргүзүүнү, тийиштүү компенсацияларды төлөп берүүнү жана талаштуу жагдайларды тынч жол менен жөнгө салууну тапшырды.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы авариялык деп табылган Ош шаарынын медициналык жардам кызматынын учурдагы имаратынын ордуна жаңы имарат курууну баштоону, ошондой эле социалдык объектилерди курулушуна көңүл бурууну тапшырды.

3