Бишкек шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында Бекзат Алмазбек уулу чейрек финалдык баскычта өзбекстандык Гулумжон Абдуллаев менен күч сынашып, атаандашына утулуп калды.
Эки балбан тең активдүү күрөш көрсөтүп, ар бир упай үчүн катуу кармаш жүргүзүштү. Кармаштын соңку мүнөттөрүндө Алмазбек уулу атаандашына 2 упай алдырып жиберип, жыйынтыгында жеңишти колдон чыгарып койду.
Азия чемпионатынын түз берүүлөрүн УТРК Спорт телеканалынан көрө аласыздар.