Орозбек Токтомамбетов жарым финалда
Новость

Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында Орозбек Токтомамбетов индиялык атаандашы менен килем үстүндө күч сынашып, 2:0 эсебинде жеңишке жетти.

Беттештин жүрүшүндө ал тактикалык жактан сабаттуу аракет кылып, ар бир мүмкүнчүлүктү туура пайдаланды. Натыйжада кыргыз балбаны жарым финалга жолдомо алды. Эми ал жапонилык Ёсиносукэ Аояги менен беттешет.

Азия чемпионатынын түз эфирин УТРК Спорт телеканалынан көрө аласыздар.