Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында Арсланбек Турдубеков 125 кг салмак категориясында түркмөнстандык балбанды 5:0 эсебинде ишенимдүү жеңип, жарым финалга жолдомо алды.
Килем үстүндө кыргыз балбаны толук үстөмдүк кылып, атаандашына мүмкүнчүлүк берген жок. Турдубеков мелдештин кийинки баскычына ишенимдүү өттү.
Азия чемпионатынын түз берүүлөрүн УТРК Спорт телеканалынан көрө аласыздар.