Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун активи жана тургундары менен жолугушту.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы жылдары өлкөдө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу оң динамикасы камсыздалганын белгиледи.
Жетишилген натыйжалар негизги тармактарда тартип орнотуу, көмүскө экономиканы кыскартуу, жоопкерчиликти күчөтүү жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу аркылуу мүмкүн болду.
Муну менен бирге Президент дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен калктын кирешесин жогорулатуу боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.
“Эң алды менен бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин:
мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жана аскер кызматындагылардын маяналарын ырааттуу жогорулатуунун үстүндө иш алып баруудабыз. Буюрса, үстүбүздө айдын соңунда мугалимдер менен дарыгерлер жана маданият, спорт кызматкерлери көбөйтүлгөн эмгек акы алышмакчы”, - деди Садыр Жапаров.
Ал ошондой эле өткөн жылы Ош облусунун бюджети 7,3 млрд сом деп белгиленген болсо, жыл соңуна чейин республикалык бюджеттен дагы 6,7 млрд сомго жакын каражат кошумча берилгенин айтты. 2026-жылы облустун бюджети 9,6 млрд сомду түзөт, ошол эле учурда Ош шаарын жана жалпы аймакты өнүктүрүүгө кошумча каржылоо каралган.
“Капиталдык салымдар” боюнча өткөн жылы облуска 8,5 млрд сом бөлүнүп, бул каражатка мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо, маданият, спорт, ичүүчү суу, ирригация жана башка объектилер курулган. Быйылкы жылы бул максаттарга 1,7 млрд сом каралып, бир катар объектилерде иштер улантууга берилет. Ошондой эле дагы кошумча каржылоо пландаштырылууда”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Мындан тышкары былтыркы жылы өлкөнүн Турукташтыруу фондунан 13 млрд сом бөлүнүп, Ош шаарын жана Ош облусун өнүктүрүүгө, облустар ортосундагы автожолдорду реконстукциялоо жана куруу боюнча инфратүзүмдүк долбоорлорго багытталган.
Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында фонддон 200 млн сом бөлүндү. Кошумча жаңы долбоорлорду каржылоо пландаштырылууда.
“Азыркы мезгилде Ош облусу боюнча инфратүзүм, суу менен камсыз кылуу, саламаттык сактоо, экологияны коргоо, транспорт жана аймактарды өнүктүрүү секторлорунда 52 млрд сомдук 20 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда.
Булардын бардыгы эл аралык донорлор менен каржы институттарынын инвестиция бөлүүгө кызыкдар экендигин, долбоорлорду ишке ашырууда туруктуу динамика бар экенин айкындайт”, - деди Президент.
Ал ошондой эле жумушсуздукту жоюуга багытталган “Социалдык контракт” долбоору боюнча Ош облусундагы 3908 үй-бүлөгө жардам берилгенин кошумчалады. Ошону менен катар жаштарды эмгекке тартуу жана аларга стимул берүү, колдоо, өнүктүрүү максатындагы “Жаштар стажировкасы” долбоору пилоттук деңгээлде ишке ашырылууда.
Президент Садыр Жапаров ошондой эле агрардык сектордун өнүгүшүнө токтолуп, Ош облусунун жана Араван районунун маанисин, ошондой эле фермерлерди колдоо боюнча ишке ашырылып жаткан чараларды жана ирригацияны жакшыртуу боюнча долбоорлорду өзгөчө белгилеп өттү.
Мамлекет башчысы аймакты индустриялаштырууга, жолдорду курууга, социалдык инфраструктураны, анын ичинде саламаттыкты сактоо жана билим берүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө көңүл бурду.
Президент жалпы Ош облусу заманбап медициналык мекемелерге муктаж болуп турганын айтты. Мындан улам, республикалык бюджеттен жана башка каражаттардын эсебинен саламаттык сактоо мекемелеринин 3 объектиси: перинаталдык борбор, шаардык клиникалык оорукананын 300 орунга ылайыкталган жаңы имараты, кургак учукка каршы борбордун административдик корпусу курулуп жатат.
“Билим берүү тармагын алсак, район аймагында 3 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бир мектептин ачылышын бүгүн жасап, билим уясына ак жол каалап келдик. Мындан сырткары, заманбап стадион дагы талап кылынып жатканы тууралуу кабарым бар. Буюрса, бул дагы чечиле турган маселе”, - деди Садыр Жапаров.
Ал ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында педагогдорду материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. Анын ичинде, Араван районунун мугалимдерине 1 135 ноутбук берилди, калган бөлүгү жыл ичинде камсыздалат.
Бул педагогдорго окутуунун заманбап ыкмаларын активдүү киргизүүгө, санариптик технологияларды колдонууну кеңейтүүгө жана билим берүү процесси үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров ишке ашырылып жаткан долбоорлорду жана көйгөйлүү маселелерди чечүүнү көзөмөлдөп турарын, алар боюнча иш ырааттуу түрдө улантыла берерин баса белгиледи.
