Орозбек Токтомамбетов атаандашына жеңилип калды
Новость

Борбор калаада өтүп жаткан Азия чемпионатында Орозбек Токтомамбетов 74 кг салмак категориясында жапондук балбан Ёшинасуке Аояги менен жарым финалда беттешти.

Килем үстүндөгү кармашта атаандаш жигердүү жана жогорку темпте күрөш көрсөтүп, жыйынтыгында кыргыз балбаны 10:0 эсебинде жеңилип калды.

Эске сала кетсек, Ёшинасуке Аояги 2024-жылы өткөн 2024 World Wrestling Championships мелдешинде дүйнө чемпиону болуп, 1-орунду ээлеген.

Азия чемпионатынын түз берүүлөрүн УТРК Спорт телеканалынан көрө аласыздар.