Абдымалик Карачов коло байгенин ээси
Новость

Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында Абдымалик Карачов 57 кг салмак категориясында 3-орунду ээледи.

Ал коло медаль үчүн кореялык балбан Сунгвон Ким менен килем үстүнө чыгышы керек болчу. Бирок атаандашынын жаракат алганына байланыштуу беттеш өтпөй, жеңиш кыргыз балбанына ыйгарылды.

Муну менен Абдымалик Карачов Азия чемпионатынын коло медалынын ээси болду.

Азия чемпионатынын түз берүүлөрүн УТРК Спорт телеканалынан көрө аласыздар.