Рустамжан Кахаров 65 кг салмак категориясында коло байге үчүн тажикстандык Абдулмажит Кудиев менен күч сынашты. Бул беттеш Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында болду.
Кызуу өткөн кармашта кыргыз балбаны 7:10 эсебинде жеңилип калып, медалга бир кадам жетпей калды.
Азия чемпионатынын түз берүүлөрүн УТРК Спорт телеканалынан көрө аласыздар.