Коло медалдын ээси Эрназар Акматалиев
Новость

Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында Эрназар Акматалиев 70 кг салмак категориясында коло байге үчүн кытайлык Симинг Ванг менен беттеш өткөрдү. Кыргыз балбаны атаандашын 16:7 эсебинде ишенимдүү жеңип, Азия чемпионатынын коло медалын тагынды.

Эске сала кетсек, буга чейин ал түшүнүксүз жагдайдан улам индиялык балбан Абхиману менен болгон кармашта утулуп калган.

Азия чемпионатынын түз берүүлөрүн УТРК Спорт телеканалынан көрө аласыздар.