Жакшылык Байташев коло байгени жеңип алды.
Новость

Азия чемпионатында Жакшылык Байташев 79 кг салмак категориясында коло байге үчүн коңшу тажикстандык Самонжон Икрамов менен беттешти.

Жыйынтыгында кыргыз балбаны атаандашын 6:0 эсебинде ишенимдүү жеңип, Азия чемпионатындагы алгачкы медалын утуп алды.

Белгилей кетсек, Байташев болгону 20 жашта жана бул анын эл аралык аренадагы алгачкы чоң жетишкендиктеринин бири болуп эсептелет.

Азия чемпионатынын түз берүүлөрүн УТРК Спорт телеканалынан көрө аласыздар.