Президент Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратын ачты
Новость

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Бүгүнкү күндө ҮМБда жалпысынан 1082 медициналык кызматкер иштейт, алар амбулатордук жана диагностикалык кызматтардын кеңири түрүн камсыздашат.

Борбордун жаңы имараты төрт кабаттан турат, анын ичинде жер төлөсү да бар. Объекттин жалпы аянты 3000 чарчы метрди түзөт. Мекеме заманбап медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган.

Имаратта административдик кызматтар, консультациялык жана диагностикалык бөлүмдөр, ошондой эле медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө арналган адистештирилген кабинеттер жайгашкан. Борбор компьютердик томография (КТ), УДИ-сканерлер, рентген аппараттары, эхокардиография, ЭГДС, флюорография, фиброскан жана башка жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылган.

Президент дарылоо-диагностикалык кабинеттерди, анын ичинде гематология, рентгенография, флюорография жана ультрадобуштук диагностика бөлмөлөрүн көрүп чыкты.

Мамлекет башчысы ошондой эле медициналык кызматкерлер менен кыскача баарлашып, алардын эмгек шарттарына жана мекеменин жабдылышына кызыкты.

Ошондой эле Садыр Жапаров медициналык кызматкерлерди өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди ак ниет аткарууга чакырып, алардын кесибинин жогорку жоопкерчилигин баса белгиледи. Ал эмгек акыны жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди эске салып, мамлекет мындан ары да аны көбөйтүү жана эмгек шарттарын жакшыртуу үчүн бардык аракеттерди көрөрүн айтты.

Бул объекттин пайдаланууга берилиши медициналык тейлөөнүн сапатын кыйла жогорулатууга, бейтаптардын күтүү убактысын кыскартууга жана медицина кызматкерлери менен райондун тургундары үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Учурда курулуш толугу менен аяктап, объект толук кандуу иш алып барууга даяр.