Садыр Жапаров Ош облусунун Кара-Суу районун өнүктүрүү пландары менен таанышты
Новость

Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районун социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландары менен таанышты. 

Райондун акими Чыңгыз Бапаев Мамлекет башчысына учурдагы абал жана келечектүү долбоорлор тууралуу маалымдады. Жолугушуунун жүрүшүндө аймактын негизги көрсөткүчтөрү жана өнүгүү багыттары тааныштырылды.

2025-жылы райондо 108 км жол асфальтталып, 2026-жылы дагы 123 км жолго асфальт төшөө пландалганы белгиленди. Калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп, 17 айылга суу жеткирүү долбоору ишке ашырыла баштады, ошондой эле агынды сууларды чыгаруу системасынын курулушу жүрүп жатат.

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган.

2026-жылы райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда. Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон заводу, сүт азыктарын кайра иштетүүчү цех жана канаттуулар фермасы бар.

Ошондой эле райондун мындан аркы өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары белгиленди. Тактап айтканда, райондук оорукананын имараты эскирип калгандыктан, жаңы заманбап медициналык мекеме куруу зарылдыгы айтылды.

Негизги милдеттердин катарында калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну улантуу жана көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу боюнча ипотекалык долбоорду ишке ашыруу бар.

Жыйынтыгында Садыр Жапаров аймактарды комплекстүү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, пландалган долбоорлорду өз убагында ишке ашыруунун, инвестиция тартуунун жана калктын жашоо сапатын жогорулатуунун зарылдыгын баса белгиледи.

1 (3).jpg 2.28 MB