Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активи менен жолугушту.
Президент өз сөзүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды көтөрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Мамлекет башчысы Ош облусунун туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө токтолуп, бюджеттик каржылоонун көлөмүнүн ырааттуу көбөйүшүн жана масштабдуу инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышын баса белгиледи.
Билим берүү, саламаттыкты сактоо, суу менен камсыздоо жана транспорт объектилерин курууга жана модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле инвестицияларды тартуу жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу боюнча иштер белгиленди. Бул чаралар аймакты комплекстүү өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.
Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун облусту өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу айтып, анын аймактын экономикалык дараметин чыңдоого кошкон олуттуу салымын белгиледи.
“Билесиздер, экономикалык өсүш индустриялаштыруу саясаты менен коштолуп, 2024-жылдан тарта жыл сайын 100 өнөр жай ишканасын ачууну салтка айланттык. Быйыл дагы өлкө боюнча 100 өнөр жай ишканасын куруу пландалып, анын ичинде Ош шаарын кошкондо жалпы Ош облусу боюнча 18 өнөр жай ишканасы салынат. 2025-жылы Ош облусу боюнча жалпы 14 өнөр жай ишканасы курулса, анын алтоо Кара-Суу районуна тийиштүү. Райондо көмүр тармагында да жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Булар – аймактын өнөр жай потенциалын чыңдоого багытталган чечкиндүү кадамдар”, - деди Мамлекет башчысы.
Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылы райондо беш өнөр жай ишканасын – кирпич заводун, аккумулятор, күн батареяларын, электр кабелдерин чыгаруучу ишканаларды, ошондой эле көмүр кенин иштетүүчү ишкананы куруу пландаштырылганын белгиледи.
“Өзүңүздөр билгендей, өнөр жай ишканаларынын жыл сайын көбөйүшү менен райондук бюджетке кошумча каражаттар түшкөндөн тышкары, жумуш орундары да пайда болуп, жергиликтүү элдин жашоо-турмушу жакшы жагына өзгөрөт. Акыркы беш жыл аралыгында Кара-Суу районунда 250 чакырым жолго асфальт басылыптыр. Буюрса, быйыл дагы 100 чакырым жолду оңдоп-түзөө планга киргизилди. Ошону менен бирге, сиздердин райондо мектеп, бала бакча, спорт, маданият жаатында 49 обьекти курулган болсо, быйыл ошол эле социалдык тармакта 26 обьекти курулмакчы”, - деди Президент.
Мамлекет башчысы Кара-Суу районунун билим берүү тармагында көйгөйлөр бар экенин белгилеп, аларды чечүү үчүн жаңы мектептерди жана бала бакчаларды куруу, предметтик мугалимдердин жетишсиздигин жоюу жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын айтты. Ошондой эле педагогдордун материалдык-техникалык камсыздалышын жакшыртуу маселесине көңүл бурулууда.
Сугат суусунун жетишсиздиги маселеси өзүнчө көтөрүлүп, аны чечүү үчүн насос станцияларын куруу жана каналдарды жаңылоо сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканы айтылды. Мындан тышкары, фермерлерди мамлекеттик колдоо чаралары көрүлүп, жеңилдетилген насыяларга жеткиликтүүлүк кеңейтилүүдө.
Президент калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселесин этап-этабы менен чечүү зарылдыгын белгилеп, жакынкы жылдары райондогу калктуу конуштардын басымдуу бөлүгү тиешелүү инфраструктура менен камсыз болоруна ишеним билдирди.
Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.
