Президент «Медимпекс» медициналык багыттагы буюмдарды чыгаруучу компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышты
Новость

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө «Медимпекс» медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүчү компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкана автоматташтырылган технологияларды колдонуу менен заманбап медициналык продукцияларды чыгарат. Долбоорго салынган жалпы инвестициянын көлөмү 268 млн 550 миң сомду түздү, анын ичинде компаниянын өз каражаттары, ошондой эле фонддордон жана банк секторунан тартылган ресурстар бар.

Ишкананын долбоордук кубаттуулугу жылына 100 миллион даана продукция чыгарууга жетет. Бул ички рынокту медициналык буюмдар менен камсыздоону кыйла бекемдөөгө жана импорттон көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет.

Ишканада 40 жумуш орду түзүлгөн. Ошол эле учурда өндүрүш процессинин бир кыйла бөлүгү роботтоштурулган, бул жогорку өндүрүмдүүлүктү, продукциянын сапатын жана заманбап стандарттарга шайкештигин камсыз кылат.

Мамлекет башчысы медициналык шприцтерди өндүрүүнүн технологиялык процесси, заманбап жабдуулардын иштеши жана ишканада автоматташтыруу деңгээли менен таанышты.

Ал ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүнүн, инновациялык технологияларды киргизүүнүн жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мындай ишканалар саламаттык сактоо тармагында улуттук коопсуздукту камсыздоодо жана экономиканын туруктуулугун жогорулатууда маанилүү роль ойной турганы айтылды.

Соңунда Садыр Жапаров ишкананын мындан аркы өнүгүшүнө колдоо көрсөтөөрүн билдирип, өнөр жай секторуна инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын баса белгиледи.