Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош – Кара-Суу унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Мамлекет башчысына учурда жолдун тилкесин кеңейтүү жана эски асфальтты алуу иштери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев долбоордо тротуарлар жана велосипед жолу да каралганын айтты. Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында рельефтик шарттары ылайык келген жерлерде ортосуна бөлүүчү тосмо коюлат. Ошондой эле жолдун бүткүл узундугу боюнча жарыктандыруу орнотулат.
Трассанын бул бөлүгүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди. Төрт тилкелүү жол өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир топ жогорулатып, тыгындарды азайтып, жол кыймылынын коопсуздук деңгээлин жогорулатат.
Бул өз кезегинде Кара-Суу районунун транспорттук каттамдарын жакшыртат, ошондой эле шаарлар жана региондор аралык жүк жана жүргүнчү ташуу процессин тездетет.
Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышкан Президент Садыр Жапаров тиешелүү министрликке бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде жолдун курулушун ушул жылдын аягына чейин бүтүрүүнү, ошол эле учурда аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.



