Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган эл аралык фестиваль өтөт
Новость

14–15-апрелде Бишкекте СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган “Жаңы ысымдар” аталышындагы XI эл аралык студенттик театралдык фестиваль өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестиваль жаш таланттарды колдоо, чыгармачылык тажрыйба алмашуу жана эл аралык маданий байланыштарды чыңдоо максатын көздөйт.

Бул жылы иш-чарага Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжандан келген студенттик театр жамааттары катышып, өздөрүнүн мыкты спектаклдерин көрүүчүлөргө сунушташат.