Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды
Новость

12-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 6-апрелден 12-апрелге чейин "Жаштык Арена" спорттук комплексинде өттү. Анда Азиянын 31ден ашык өлкөсүнөн 350дөн ашык балбандар катышып, күч сынашты.

Кыргызстандын курама командасы татыктуу жыйынтыктарды көрсөтүп, 12 медаль жеңди:

  • Грек-рим күрөшү боюнча 4 алтын медаль жана командалык эсепте 2-орун;
  • Кыз-келиндер күрөшү боюнча 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль, командалык эсепте 4-орун;
  • Эркин күрөш боюнча 4 коло медаль жана командалык эсепте 5-орун камсыздалды.