Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы эл аралык мелдеште байгелүү орундарды ээледи
Новость

Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы Арменияда өткөн дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдештер 11–12-апрель күндөрү Ереван шаарында өтүп, ага ар кайсы өлкөлөрдөн келген спортсмендер катышты.

Мелдеш спорттук самбо, күжүрмөн самбо жана көрүүсү начар спортсмендер арасында самбо боюнча уюштурулду.

Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы бир катар байгелүү орундарды багындырды.

  • Спорттук самбо боюнча:
    Байэл Жакшылыков (79 кг) — 2-орун;

Күжүрмөн самбо боюнча:

  • Бектен Эркебай уулу (88 кг) — 3-орун;
  • Бекболсун Керимбеков (98 кг) — 3-орун;
  • Таласбек Нуралиев (+98 кг) — 3-орун;
  • Акак Үсөн кызы (54 кг) — 3-орун.

Көрүүсү начар спортсмендер арасында:

  • Азиза Туранова (54 кг) — 3-орун.