Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кутургу айылына 20 миң көчөт отургузулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, көчөт отургузуу "Корумду – Балбай баатыр" тилкесиндеги Ысык-Көл айланма унаа жолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоор боюнча, 2026-жылы Ысык-Көл жана Түп райондорунун аймагында жалпысынан 53 миң 697 дарак отургузуу пландалган. Бүгүнкү күнгө карата 16 миңге жакын дарак отургузулуп бүттү.
Белгиленгендей, быйыл өлкө аймагында 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда. Анын ичинен болжол менен 70%ын мөмөлүү дарактар түзөт. Мындан тышкары, өлкөнүн ар бир облусунда аянты 1 гектардан ашкан парк зоналарын түзүү иштери уюштурулат.
