Таласта 5 миң түп ак кайыңдын көчөттөрү отургузулду
Новость

Бүгүн, Талас районунун Шумкар-Уя айыл өкмөтү 5 гектар жерге 5 миң түп ак кайыңдын көчөттөрүн отургузду. Көчөттөр айыл өкмөтүнүн өздүк каражатына алынган. Ага 1 млн сом  бөлүнгөн. 

 Шумкар-Уя айыл аймагындагы малекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер катышты. 

Иш-чарага Талас районунун акими Байышбек Астанакулов, Шумкар-Уя айыл аймагындагы малекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер катышышты. 

Өз сөзүндө аким Талас районуна “Жашул Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында быйыл 100 көчөт отургузуу пландалганын билдирди.

Шумкар-Уя айыл өкмөтү 2024-жылдан бери ак кайыңдын көчөттөрүн аймактагы тоо этектериндеги бош талааларга отургузууда. Жыл сайын 5 миң даана көчөт отургузулат.