Нарында айдап-себүү иштери башталды
Новость

Нарын облусу боюнча быйыл 46 миң 167 гектар жер айдалат. Мунун ичинен 29 миң 275 гектарына дан эгиндери эгилет. Учурда анын 318 гектары айдалып,  240 гектарына  арпа, 78 гектарына буудай себилди. 

Пландалган структурага ылайык, 376 гектарга жүгөрү, 249 гектарга май өсүмдүктөрү, 10 гектарга таруу, 4 миң 994 гектарга картошка, 486 гектарга жашылча жемиш эгилет. 

Мындан сырткары 10 миң 827 гектарга бир жылдык чөп айдалат. Айдап себүү иштерине керектеле турган 7 миң 137 тонна үрөндүн 6 миң 715 тоннасы даяр. Ал эми айыл чарба техникалары  90 %га даяр.  

Ошондой эле, мамлекеттен 468 миң 200 литр жеңилдетилген баада берилген күйүүчү майдын 246 миң 500 литри таратылды.