Нарын дарыясынын жээгинде жашаган тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Новость

Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын куткаруучулары Нарын дарыясынын жээгинде жашаган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Нарын дарыясынын 22 чакырымы Нарын шаарын жээктеп өтөт. Мындан улам коопсуздук чараларын күчөтүү максатында дарыяга жакын жашаган тургундарга атайын даярдалган эскертүү баракчалары таратылды. Баракчаларда суу жээгинде коопсуз жүрүм-турум эрежелери, өзгөчө жаш балдарды көзөмөлдөө зарылдыгы жана кырсыктардын алдын алуу боюнча сунуштар камтылган. 

Буга чейин Нарын шаардык мэриясынын дарыясынын жээгин тосуу боюнча маселе көтөрүлүп жатканын билдиришкен. 

Эскерте кетсек, 2024-2025-жылы  беш бала Нарын суусуна түшүп кетсе, быйыл 5-апрелде 5 жаштагы бала сууга агып кеткен. Мындан улам ӨКМ  жарандарды өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугуна кайдыгер карабоого чакырат.