Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде, Чоң-Алай районундагы Абибилла Молдоболотов атындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун инфекциялык бөлүмүнүн курулуп жаткан имаратын көрүп чыгып, ошондой эле поликлиника, лаборатория жана дарыгерлер үчүн кызматтык турак жай куруу долбоорлору менен таанышты.
Медициналык мекеме Дароот-Коргон айылында жайгашкан. Инфекциялык бөлүмдүн эки кабаттуу имаратынын курулушу өткөн жылдын ноябрь айында башталган.
Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов Мамлекет башчысына курулуш иштери быйыл жыл ичинде аяктай турганын маалымдады. Бөлүм зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздалат.
Мекеменин аймагында кошумча түрдө поликлиника, лаборатория жана медицина кызматкерлери үчүн кызматтык турак жайлар да курулат. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев учурда бардык объекттер боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалып, жер тилкелери аныкталганын билдирди.
Андан соң Президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлери менен баарлашып, аларды социалдык колдоо тууралуу маселелер да көтөрүлдү. Эмгек акыны этап-этабы менен жогорулатуу пландалып жатканы белгиленди.
Жолугушуунун соңунда медицина кызматкерлери саламаттык сактоо тармагына көрсөтүлүп жаткан колдоо жана көңүл буруу үчүн өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.





