Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чоң-Алай районунун учурдагы абалы жана социалдык-экономикалык өнүгүү пландары менен таанышты.
Мамлекет башчысына Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов маалымат берди.
Презентациянын жүрүшүндө райондо жүргүзүлүп жаткан жана пландалган иштер боюнча кыскача маалымат берилди.
Атап айтканда, жеке турак жай куруу үчүн жарандарды жер тилкелери менен камсыз кылуу максатында жерлерди калктуу конуштар категориясына өткөрүү иштери жүргүзүлгөн. 2026-жылы 2474төн ашуун жергиликтүү тургунду жер тилкелери менен камсыз кылуу пландалууда, бул муктаждардын жалпы санынын болжол менен 85%ын түзөт.
Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн алкагында жаңы жер аянттарын өздөштүрүү жана аларды сугат суу менен камсыз кылуу каралган. Мал үчүн тоют даярдоо максатында жүгөрү өстүрүү пландалууда.
Ошондой эле сезондук жөнгө салуучу суу сактагычтарды жана бат курулуучу суу бассейндерин (СЖБ) куруу иштерин баштоо пландалууда. Бул суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.
Кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Учурда болжол менен 50 млн сомдук долбоор иштелип жатат. Ал салттуу ишмердүүлүктөрдү колдоого багытталып, тигүү цехин ачуу, кийизден улуттук буюмдарды жасоо, килем токуу, чий согуу жана башка багыттарды камтыйт.
Бул иш-чаралардын ишке ашырылышы калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана Чоң-Алай районунун туруктуу өнүгүшүнө багытталган.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы алыскы аймактарды өнүктүрүүдө комплекстүү жана системалуу мамиленин зарылдыгын белгилеп, жарандардын жашаган жерине карабастан, татыктуу жашоо шарттарын түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин айтты.
Президент Садыр Жапаров ошондой эле жер жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун, инфраструктуралык долбоорлорду өз убагында ишке ашыруунун жана жергиликтүү демилгелерди колдоонун маанилүүлүгүнө токтолду.
