Садыр Жапаров Ош облусундагы Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушту
Новость

Президенти  бүгүн, 13-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чоң-Алай районунун тургундары жана активи менен жолугушту.

Мамлекет башчысы район калкынын негизги ишмердүүлүгү мал чарбачылыгы болгондуктан, фермерлерди колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

““Айыл чарбасын каржылоо–14” долбоорунун алкагында сиздердин райондун фермерлери, дыйкандары 44 млн сом алышыптыр. Жер-жерлерде, анын ичинде сиздерде да дыйкандар насыянын көлөмүнүн аздыгын көйгөй катары көтөрүп жатышыптыр. Жергиликтүү элибиздин талаптарын орундатуу максатында бул айыл чарба багытын жеңилдетилген кредиттер менен толук камсыздоо үчүн дагы кошумча финансы каражатын бөлүүнү чечтик, тиешелүү тескеме кабыл алынды. Эми бардык дыйкан-фермерлер бул жеңилдетилген насыядан ала алышат”, - деди Президент.

Мындан тышкары сугат суу көйгөйүн чечүү үчүн насостук станциялар жана суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү иштери жүрүп жатат. Маселен, бүгүнкү күндө “Алтын-Дара” суу сактагычы (СЖБ) боюнча долборлоо иштери аткарылууда. Айылдарды таза суу менен камсыздоодо таза суу системасын жаңыртуу, курулушу жумуштары жакынкы мезгилдерде жасалат.

“Билим берүү тармагы тууралуу сөз болгондо Чоң-Алай районунда менин жеке тапшырмам менен Улуу Памир аймагынан келген окуучуларга шарт түзүү максатында курулган 275 орундуу “Бурган-Суу” орто мектеби эсиме келди. Азыркы учурда ал мектепте памирлик туугандарыбыздан 32 окуучу билим алууда деп маалымат беришти”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал райондун билим берүү тармагынын кадр менен камсыз болуусу, китеп маселеси дурус экенин баса белгиледи. Мугалимдерди материалдык-техникалык жактан камсыздоо максатында 491 мугалим ноутбуктар менен камсыздалган. Мындан ары айыл жериндеги балдардын сапаттуу билим алуусуна, таланттуу балдардын суурулуп чыгуусуна өзгөчө көңүл бурулат.

“Тилекке каршы, бардык райондордогудай эле Чоң-Алайда дагы саламаттык сактоо жаатында кадр жетишсиздиги бар. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана Саламаттыкты сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында алардын маяналарын көтөрүп жатабыз, ден соолук сакчыларынын кадыр-баркын көтөрүү, шарт түзүү жаатында "Дарыгер депозити" программасы, дарыгерлер менен мугалимдерге орой мамиле кылгандарга "Бейбаштык" программасы боюнча жазаларды күчөтүп жатабыз”, - деди Садыр Жапаров.

Ал коом билим берген мугалимдерди жана жарандардын саламаттыгына кам көргөн дарыгерлерди урматташы керек экенин белгилеп, бул мамлекеттин өнүгүүсү үчүн маанилүү экенин кошумчалады.

Саламаттык сактоо объектилерин куруу жана аларды заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу артыкчылыктуу багыт бойдон калууда. Тактап айтканда, республикалык бюджеттин эсебинен Чоң-Алайда жалпы дарыгерлик практика борборунун инфекциялык бөлүмү курулууда.

Жумушсуздукту азайтууга багытталган “Социалдык контракт” долбоорунун алкагында өткөн жылы Ош облусунда 3908 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, анын ичинен Чоң-Алайда 251 адам айыл чарба багытында колдоо алган.

Жолугушуунун соңунда Президент райондо социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөр бар экенин белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдар аларды чечүү боюнча зарыл болгон иштерди жүргүзүп жатканын айтты.

Мамлекет башчысы жалпысынан өлкө боюнча инфраструктураны өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган комплекстүү саясат ырааттуу жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.

14 (2).jpg 2.25 MB