Айпери Медет кызы Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде биринчи сапка көтөрүлдү
Новость

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмак ченинде Дүйнөлүк  күрөш уюмунун рейтингинде биринчи сапка көтөрүлдү.

Жаңыртылган рейтинг 6-12-апрель күндөрү Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыгы менен түзүлдү.

Медет кызы 76 кг чейинки салмак категориясында катышып, күмүш байгеге ээ болгон. Бул жыйынтык кыргызстандык спортчуга 53 000 упай топтоого жана рейтингде учурдагы чемпион, эквадордук Генесис Валдести озууга мүмкүндүк берди.