Азия чемпиону Афтандил Таалайбек уулун Талас эли салтанаттуу тосуп алды
Новость

Бүгүн, 14-апрелде Талас районунун Арал айылынын тургундары Афтандил Таалайбек уулун майрамдык салтанат менен тосуп алды.

Афтандил Таалайбек уулун машыктыруучусу Хаким Махмудов жана Париж Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Жоламан Шаршенбек уулу коштоп келди. 

Иш-чарага Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышышты. 

Эске салсак, Афтандил Таалайбек уулу Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча 63 кг салмак категориясында алтын медаль тагынган.

Балбан биринчи япониялык спортчуну жеңип, жарым финалда түркмөнстандык атаандашын уткан. Ал эми 7-апрелдеги финалдык беттеште Таалайбек уулу ирандык спортчуну 7:2 эсебинде жеңип, Азиянын жаңы чемпиону болгон.