Садыр Жапаров 13-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Алай районунун Гүлчө шаарында Калкты тейлөө боюнча маданий борбордун ачылыш аземине катышты.
Бул борбордун ачылышы калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле жергиликтүү тургундардын маданий жана коомдук өнүгүүсү үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.
Жаңы имарат үч кабаттан турат жана заманбап архитектуралык жана техникалык стандарттарга толугу менен жооп берет. Объект жарандарды ыңгайлуу тейлөө үчүн зарыл болгон бардык шарттар менен жабдылган, анын ичинде ыңгайлуу кызмат көрсөтүү зоналары, административдик бөлмөлөр жана коомдук-маданий иш-чараларды өткөрүүчү жайлар бар. Бул борбордун түзүлүшү мамлекеттик кызматтарды ыкчам көрсөтүүнү кыйла жакшыртууга, мамлекеттик органдар менен калктын өз ара байланышын күчөтүүгө жана жарандарды бир жерде комплекстүү тейлөөнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланган. Бул долбоордун ишке ашырылышы аймактарды өнүктүрүүгө, инфраструктураны модернизациялоого жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы өлкө аймактарында мындай объекттерди түзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири экенин баса белгиледи.











