Президент Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы парктарды жана стадионду реконструкциялоо долбоорлору менен таанышты
Новость

Садыр Жапаров бүгүн, 14-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районундагы борбордук стадионду, “Тынчтык” жана “Буранов” парктарын реконструкциялоо долбоорлору менен таанышты.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Мамлекет башчысына иштер республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп жатканын жана активдүү аткаруу фазасында экенин маалымдады.

Тактап айтканда, аянты 25 гектарды түзгөн “Тынчтык” паркында капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Анын алкагында аймакты көрктөндүрүү, жарыктандыруу жана сугат системасын орнотуу, веложолдорду жана балдар аянтчаларын куруу, ошондой эле жашылдандыруу иштери жасалууда.

Өз кезегинде район борборунун тургундары үчүн негизги эс алуу жайы болгон “Буранов” паркы да жаңыланууда. Бул жерде инженердик системалар жаңыртылып, заманбап коомдук мейкиндиктер түзүлүүдө. Анын ичинде сахналык аянтча, активдүү эс алуу зоналары жана балдар үчүн оюн аянтчалары каралган.

Белгиленгендей, эки объект боюнча бардык иштерди 2026-жылы аяктоо пландалууда.

Мындан тышкары, Президентке борбордук стадионду реконструкциялоо долбоору тууралуу маалымат берилди. Объекттин жалпы аянты 21 367,89 чарчы метрди түзүп, долбоордун жалпы наркы 168 млн сомго бааланууда. Курулуш иштерин 2027-жылы аяктоо мерчемделген.

Долбоордун алкагында спорттук инфраструктураны модернизациялоо, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жана дене тарбия менен машыгууга ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.

Жыйынтыгында Садыр Жапаров бардык пландалган долбоорлорду сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, социалдык жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүү калктын жашоо деңгээлине түздөн-түз таасир берерин айтты.

Президент тиешелүү мамлекеттик органдарга аймак тургундары үчүн эс алуу, спорт менен машыгуу жана бош убакытты өткөрүү үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүүнү камсыздоону, ошондой эле иштердин жүрүшүн туруктуу көзөмөлдөп турууну тапшырды.