Президент 13-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Алай районунун өнүктүрүү пландары менен таанышты.
Мамлекет башчысына райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилди.
Алай районунун акими Адыл Сапаров өткөн жылы 20 объект бүткөрүлгөнүн белгиледи, алардын катарында мектептер, бала бакчалар жана фельдшердик-акушердик пункттар бар. Ошондой эле сегиз айыл таза ичүүчү суу менен камсыз болгон.
Мындан тышкары 21 даана атайын техника сатылып алынган. Ички жолдордун 30,7 чакырымы асфальтталган.
Аким үстүбүздөгү жылга карата пландарга токтолуп, 14 социалдык объект курулганын, дагы 7 айыл таза суу менен камсыз кылынганын баса белгиледи. Ошондой эле жеке ишкерлер менен биргеликте кубаттуулугу 4,4 МВт болгон чакан гидроэлектр станциясын курулмакчы.
