Президент Ош облусуна караштуу Алай районунун тургундары жана активи менен жолугушту
Новость

Садыр Жапаров 13-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Алай районунун тургундары жана активи менен жолугушту.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Алай районунда мал чарбачылыгы артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи: бул жерде кой, эчки, топоз жана жылкы болуп, жалпы 215 миңден ашуун мал бар.

“Мал чарбачылыгы менен алектенгендерге көмөк көрсөтүү максатында жеңилдетилген насыя берилип,  “Айыл чарбасын каржылоо–14” долбоорунун алкагында сиздердин райондун фермерлери, дыйкандары 50 млн сом алышыптыр. Бүгүнкү күндө бардык жерде дыйкандар насыянын көлөмүнүн аздыгы жөнүндө маселе көтөрүп жатышат. Ошондуктан биз жеңилдетилген насыялар менен толук камсыздоо үчүн дагы кошумча финансы каражаттарын бөлүүнү чечтик, тиешелүү тескеме кабыл алынды. Эми бардык дыйкан-фермерлер бул жеңилдетилген насыядан ала алышат”, - деди Президент.

Президент Алай районунда тоют маселеси да бар экенин кошумчалады. Ушуга байланыштуу тиешелүү органдарга жакынкы райондордон жем ташууну уюштуруу тапшырылды.

“Район аймагындагы айдоо жерлерин сугат суусу менен камсыздоону жакшыртуу максатында насостук станциялар жана суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү иштери жүрүп жатат. Маселен, бүгүнкү күндө «Мурдаш» трубопроводунун курулушу жүрүүдө, буюрса быйыл бүтөт. Ал эми “Күнгөй -2” каналын куруу иштери аткарылууда”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал Алай районундагы 65 айылдын 45и таза суу менен камсыздалганын айтты. 20 айылдын таза суу менен камсыздоо системалары калыбына келтирүүнү талап кылат. Анын ичинде 12 айылдагы курулуш жумуштарын ишке ашыруу быйыл башталды. Ушул жылы Гүлчө шаарында таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу долбоорлорунун курулуш жумуштары дагы башталат.

“Алай районунда 2025-жылдын сентябрь айынан бери Агартуу министрлиги тарабынан STEM багытындагы жана англис тили, башталгыч класстын мугалимдерине 857 ноутбук берилиптир. Ошондой эле

Алай районунун билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдөн кабарым бар. Алар негизинен мектептердин курулушуна байланыштуу экен. Аларды чечүү максатында 2025-2026-окуу жылында райондогу авариялык абалдагы  7 мектептин үчөөндө курулуш жүрүп, 1 мектептин кошумча окуу корпусу салынууда”, - деди Садыр Жапаров.

Ал аймактарда, анын ичинде Алайда дагы саламаттык сактоо жаатында кадр жетишсиздиги бар экенин жана аны кыскартуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды белгилеп өттү. Атап айтканда, дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатуу, аларды колдоо программаларын киргизүү жана укуктук коргоону күчөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле саламаттык сактоо объекттерин куруу жана медициналык мекемелерди жабдуу маселелери, анын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен, ырааттуу түрдө чечилип жатат.

Өлкө аймагында жумушсуздукту жоюуга багытталган “Социалдык контракт” долбоору боюнча өткөн жылы Ош облусунда 3908 үй-бүлөгө көмөк көрсөтүлсө, анын ичинде Алай районунда аталган “Социалдык контракт” аркылуу былтыр 379 адамга айыл чарба жаатында жардам берилген. Быйыл 1-мартка чейин 139 адам менен социалдык келишим түзүлдү.

Президент Садыр Жапаров жыл айлана электе Гүлчө айылынын калкынын саны өсүп, инфратүзүмү өнүгүп, бул аймактын административдик маанисин арткандыгын  эске алуу менен райондук маанидеги шаар макамы берилгенин айтты.

“Мындай чечим аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт. Бул бүтүндөй Алай районунун өнүгүшүнө оң таасирин тийгизип, инфратүзүм жакшырат, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү кеңейет.

Ошондон улам, өлкөнүн Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 500 млн сомго эмнелер жасалып жаткандыгына кызыгып, жол, бала бакча, парк аймактарын көрктөндүрүү боюнча долбоорлор менен тааныштым. Мындан сырткары, Отунчиев атындагы мектептин кошумча окуу корпусунун курулушунан кабар алып, андан ары Калкты тейлөө боюнча маданий борбордун имаратын ачып, ак жол тилеп келдим”, - деп сөзүн жыйынтыктады Мамлекет башчысы.

Андан ары жолугушуу суроо-жооп форматында улантылды.

2 (7).jpg 2.12 MB