Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-апрелде, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун активи жана тургундары менен түз диалог өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү жашоочулар районду жана айрым калктуу конуштарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө байланышкан кеңири маселелерди көтөрүштү. Анын ичинде жол инфраструктурасын өнүктүрүү, унаа жолдорун жана көпүрөлөрдү куруу жана оңдоо, ошондой эле транспорттук жеткиликтүүлүктү калыбына келтирүү маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл саламаттык сактоо тармагына бурулуп, анын ичинде медициналык инфратүзүмдү жаңылоо жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу маселелери каралды. Мындан тышкары, суу менен камсыздоо, ирригация, дарыя жээктерин бекемдөө жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча да кайрылуулар айтылды.
Айрым кайрылууларда социалдык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери көтөрүлүп, билим берүү жана маданият объекттерин жаңылоо, ошондой эле жаңы мекемелерди куруу зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле диалог учурунда жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, чечим кабыл алууда мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын укуктарын коргоо жана талаштуу көйгөйлөрдү жөнгө салуу маселелери талкууланды. Кээ бир кайрылуулар ишкердикти жана туризмди өнүктүрүү, экономикалык активдүүлүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү тууралуу болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Тактап айтканда, көпүрө куруу жана жол тармагын өнүктүрүү долбоорлорун бюджетке киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу, ирригация жана жээк бекемдөө иштерин активдештирүү, ошондой эле районду атайын техника жана өрт коопсуздугу каражаттары менен камсыз кылуу тапшырылды.
Саламаттык сактоо объекттерин этап-этабы менен модернизациялоо, анын ичинде жаңы медициналык мекеменин курулушун баштоо, ошондой эле жергиликтүү муктаждыктарды эске алуу менен айрым социалдык объекттерди жаңылоо боюнча да тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, жарандар көтөргөн укуктук жана жер маселелери боюнча ар тараптуу текшерүү жүргүзүү, жарандардын укуктарын коргоону камсыз кылуу жана мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.
Жыйынтыгында Садыр Жапаров жолугушууда көтөрүлгөн бардык маселелер жеке көзөмөлүндө болорун айтып, алардын чечилиши аймактын өнүгүү артыкчылыктарын жана жарандардын кайрылууларын эске алуу менен ырааттуу жүргүзүлөрүнө ишендирди.

