Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Маматканов Улан Эркинович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Маматканов Улан Эркиновичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.