Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Ноокат районун өнүктүрүү пландары менен таанышты
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокат районун өнүктүрүү пландары менен таанышып чыкты.

Мамлекет башчысына райондун социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берилди. Аким Данияр Шейшеканов өткөн жылы 11 социалдык объект курулуп, 128,5 км жол салынып жана оңдолгонун, 5 айыл жана 1 шаар таза ичүүчү суу менен камсыз болгонун белгиледи.

Учурдагы жылга карата дагы 19 социалдык объекттин курулушу пландалууда. Алардын катарына мектептер, бала бакчалар, спорт залдар жана фельдшердик-акушердик пункттар кирет.

Мындан тышкары, кубаттуулугу 600 кВт болгон “Курак-Тектир-2” чакан ГЭСи ишке берилген. Азыркы учурда ар бири 7,93 МВт кубаттуулуктагы “Ноокат-1” жана “Ноокат-2” гидроэлектр станцияларынын курулушу уланууда.

Ошондой эле 12 ири ишкананы ачуу пландалууда, анын ичинде кирпич жана асфальт-бетон заводдору, тигүү цехи жана жашылча-жемиш сактоочу заманбап кампа бар.

20.jpg 484.05 KB