«Экспо-демилге» долбоору ишке киришти
Новость

КР Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер Улуттук институтунун демилгеси менен уюштурулуп жаткан «Экспо-демилге» долбоору ишке киришти. Бүгүн СДУИнин жыйындар залында Уюштуруу комитетинин алгачкы жыйыны  болуп өттү. 

СДУИ “Экспо-демилге” мега-долбоорун ишке ашырууда —улуттук өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү болгон мамлекеттик, жеке жана коомдук ресурстарды тогоштуруу аркылуу максаттуу ийгиликке жетүү үчүн илимий эксперттик жана маалымат-методологиялык  жактан көмөк көрсөтүүнү көздөйт.
Демилге жана долбоорлорду каттоо КР Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун расмий сайты аркылуу жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек,  «Экспо-демилге» — бул өлкөнүн өнүгүүсү үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон баардык тармактар боюнча иштиктүү демилгелерди жана долбоорлорду кароо-сынак аркылуу тандап алуучу  аянтча.