Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Талас регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Киров суу сактагычында бркаоньерлерге каршы рейд жүргүзүштү.
Рейд таңкы саат алтыда башталып, Киров суу сактагычынан узундугу 500 метрди түзгөн синтетикалык торлор табылды. Адистердин маалыматына ылайык учурда балыктар урук чача турган маал. Мындан улам балык кармоого тыюу салынган. Ошондой эле Киров суу сактагычындагы балыктарды көбөйтүү иштери жүрүүдө. Суу алдынан торлорго тушкон балыктар кайрадан коё берилди.
Таластагы экология кыматкерлери мындай рейддерди байма бай уюштуруп турат. Рейд учурунда балык уулоого чыккан жарандар да аныкталды.







