Манас районунун Талас айылынын дыйкандарына сугат суусу бериле баштады.
Бүгүнкү күндө Талас айылында 3,5 миң гектар үлүш жер жана 490 дыйкан бар. Айылга сугат суу Молдо Асан айылы менен Кыдыралы каналы аркылуу келет.
Ошондой эле адисттер Таласта өткөн жылдарга салыштырмалуу быйыл суунун көлөмү көп экендигин билдиришти.
Белгилей кетсек, Манас району боюнча жалпы 18миң 725 гектар айдоо аянты бар. План боюнча бул жылга 163 млн м3 суу керектелет. Бүгүнкү күндө сугат каналдардын дээрлик бардыгы суу берүүгө даяр.



