Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 15-апрелде, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУнун учурдагы ишмердүүлүгүнүн маселелери, анын ичинде Уюмдун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин мурда кабыл алынган чечимдерин аткаруунун жүрүшү жана 2026-жылга пландаштырылган иш-чараларды ишке ашыруу талкууланды.
Аймактык коопсуздук маселелери боюнча, ошондой эле учурдагы жана жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу өңүтүндө эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу окуялар боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун соңунда Адилет Орозбеков конструктивдүү иштөөгө жана ЖККУнун потенциалын жана кадыр-баркын чыңдоого активдүү көмөктөшүүгө даярдыгын билдирип, Таалатбек Масадыковго Уюмдун жаңы дайындалган Башкы катчысы катары ишине ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

