Транспорт министрлиги жол коопсуздугун камсыздоого даяр
Новость

Аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу, 16-19-апрель күндөрү тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жана кооптуу тилкелерде жер көчкү жүрүү ыктымалдыгы жогору. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Буга байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык тийиштүү чараларды көрдү.

Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары керектүү техникалар жана жабдыктар менен камсыздалып, бардык ашууларда кар тазалоочу машиналар, жүктөгүчтөр жана башка атайын техникалар толук даярдыкта. 

Ошондой эле, жолдорго себүү үчүн инерттик материалдардын туз жана кум аралашмаларынын жетиштүү запасы камдалды. 

Министрлик айдоочуларды унаалардын ортосундагы 500 метрлик коопсуз аралыкты сактоого чакырат.