Матьо саймасы Нарында
Новость

Бүгүн, 16-апрелде Нарын шаарында Мажарстандын  матьо саймаларынын көргөзмөсү ачылды. 

Көргөзмө К.Мамбеталиева атындагы Нарын мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейинин “AS” галереясына уюштурулган. Иш-чарада венгр элинин кол өнөрчүлөрүнө таандык болгон матьо саймалары түшүрүлгөн буюмдар жана матьо элдик кийимдери коюлду. 

Нарын шаарында биринчи жолу уюштурулуп жаткан көргөзмөгө Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин маданият жана билим берүү боюнча дипломаты Фал Беата катышып, венгр элинин маданиятын жайылтууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө ыраазычылыгын билдирди. 

“Матьо саймасы- венгр кол өнөрчүлөрүнүн символу, тарыхый мурасы. Алар тарыхыбызга эң бай  маданий мурасты  муундан-муунга калтырышууда. Бул сайма биздин  кеңири жайылган салттуу кол өнөрчүлүгүбүз жана дүйнө жүзү боюнча белгилүү. Ал эми бул аймактын эң өзгөчө буюмдарынын бири-шырдак экен. Шырдак 2024-жылы Будапешттеги Этнографиялык музейде “айдын экспонаты” катары көрсөтүлүп, венгриялыктар  кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн эң кооз үлгүлөрүнүн бири менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Бүгүн болсо сиздер венгрлердин матьо саймалары менен таанышып жатасыздар. Көргөзмөнүн  музейде уюштурулушу Венгрия элчилиги үчүн чоң кубаныч, урмат жана сый. Биз Нарындагы тарыхый-этнографиялык  музей  менен  мындан ары тажырыйба алмашуу, анын ичинде салттуу кийиз өнөрүн изилдөө жаатында ийгиликтүү иш алып барабыз деп терең ишенебиз”,-деди ал. 

Эскерте кетсек, матьо саймасы 18-19-кылымдарга таандык. Сайма 2012-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген.

Көргөзмө бир ай бою коюлуп келгендерге матьо саймасынын тарыхы, мааниси боюнча маалыматтар берилип турмакчы.