Бүгүн, 16-апрелде имараттын курулушуна старт берилип, ага КР Коргоо министри Руслан Мукамбетов капсула салды.
Жаңы имарат бардык шарттары менен эки кабат болуп салынат. Ал эми буга чейинки имарат 1927-жылы курулса, аскер комиссариаты 1941-жылдын январь айында уюшулган.
Белгилей кетсек, имаратты ушул жылдын соңунда бүтүрүп пайдаланууга берүү пландалууда.



